Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун алкагында 2-апрель – Бүткүл дүйнөлүк аутизм жөнүндө маалымдоо күнүнө карата атайын иш-чара уюштурулду. Аутизм тууралуу коомду маалымдоо, эмпатияны бекемдөө жана аутизми бар адамдарга карата көбүрөөк инклюзивдүү мамилени калыптандыруу максатында өткөн иш-чарага КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ, Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, профессор Южел Өксүз жана режиссёр Гүлжан Иреш, ошондой эле көптөгөн окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.
Иш-чара КТМУнун «Эмпатия» студенттик клубу тарабынан даярдалган аутизм темасына арналган видеотасманын көрсөтүлүшү менен башталды. Программанын алкагында Коммуникация факультетинин Артыкпай Сүйүндүков атындагы кино залында аутизм менен жашаган баланын турмушун баяндаган «Балким бир күн сураармын» аттуу тасма студенттерге сунушталды.
Аутизм жөнүндө маалымдоо, эрте аныктоо жана социалдык жоопкерчилик
КТМУнун проректору, профессор Исмет Алтынташ өз сөзүндө аутизми бар адамдардын коомдогу ордуна токтолуп: “Аутизми бар адамдар оорулуу эмес; алар жөн гана өзгөчө, күчтүү жана кайраттуу адамдар. Алардын ар бири сүйүүгө, түшүнүүгө жана сабырга муктаж инсандар. Аларды түшүнүү жана колдоо – баарыбыздын милдетибиз. Ар бир кичинекей кадам алардын жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башаты боло алат”, - деп белгиледи.
Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, профессор Южел Өксүз аутизм оору эмес, нейроөнүгүү өзгөчөлүгү экенине көңүл буруп: “Аутизм бүгүнкү күндө болжол менен ар 36 баланын биринде кездешет. Эрте диагноз коюу жана аларга колдоо көрсөтүү балдардын өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан маалымдуулук иштеринин жеке жана коомдук деңгээлде чоң мааниси бар”, - деди.
Тасма аркылуу маанилүү билдирүү жеткирилди
Режиссёр Гүлжан Иреш тасманын жаралуу процесси тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Бул фильмди 2,5 жылдык эмгектин натыйжасында бүтүрдүк. Процесс учурунда аутизми бар балдар жана алардын үй-бүлөлөрү менен түзүлгөн тыгыз байланыш тасманын негизин түздү. Кино - бул коомдун көз карашын өзгөртө алган күчтүү курал. Бул жерде үй-бүлөнүн колдоосу да өзгөчө мааниге ээ”, - деп белгиледи.
Ачылыш сөздөрдөн кийин катышуучулар «Балким бир күн сураармын» тасмасын кызыгуу менен көрүштү. Иш-чара соңунда көрүүчүлөр тасмадан алган таасирлерин жана сезимдерин бөлүшүү үчүн ойлорун кагазга жазып, атайын тактага илишти.