Биздин университет менен Pázmány Péter Catholic University (Венгрия) ортосундагы Erasmus+ келишиминин алкагында, Тарых жана Археология багыттары боюнча магистратура жана докторантура студенттери үчүн 2026–2027-окуу жылынын күзгү семестри үчүн арыздар кабыл алынат.
Күзгү семестрдин мөөнөтү:
(Кабыл алуучу университеттин академиялык календарына ылайык аныкталат)
Контингент:
2 студент
Жеткиликтүү багыттар:
• Тарых
• Археология
Erasmus+ программасынын алкагында студенттерге грант берилет, бирок кошумча чыгымдар студент тарабынан жабылышы мүмкүн. Жол жана жатакана чыгымдары Pázmány Péter Catholic University тарабынан каржыланат.
Талап кылынган документтер:
• CV
• Паспорттун көчүрмөсү
• Мотивациялык кат
• Транскрипт
• Сунуш кат (Recommendation Letter)
• Англис тили боюнча сертификат (кеминде B2 деңгээл)
• Изилдөө планы (PhD студенттери үчүн)
Талаптар:
• Тиешелүү багыт боюнча магистратура же докторантурада окуп жаткан болушу керек
• Орточо баа (GPA) кеминде 2.5 болушу керек
• Англис тили деңгээли кеминде B2 болушу зарыл
Арыз берүү жери:
Документтер Эл аралык байланыштар бөлүмүнө жеке тапшырылышы керек.
Арыз берүү мөөнөтү:
01.04.2026 – 15.04.2026