КТМУнун Коммуникация факультетинин студенттери “Жоогазын” фестивалында чоң ийгиликтерге жетишти


  • 2026-03-30

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин студенттери “Жоогазын” фестивалынын алкагында уюштурулган эл аралык студенттик конференцияда жана практикалык сынактарда жетишкен ийгиликтери менен өзгөчөлөнүштү.

КТМУнун Коммуникация факультети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кызматташуусунда 26–27-март күндөрү өткөрүлгөн эл аралык студенттик илимий-практикалык конференция быйыл “Туруктуу өнүгүү коммуникациялары: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик” деген темада уюштурулду. 

Конференциянын жүрүшүндө экология, медиа, жарнама, журналистика жана коомдук жоопкерчилик сыяктуу бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери кеңири талкууга алынды. Акыркы үч жылдан бери КТМУнун Коммуникация факультети тарабынан үзгүлтүксүз уюштурулуп келе жаткан бул иш-чара быйыл Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген 72 студенттин катышуусунда аймактык деңгээлдеги маанилүү академиялык аянтчага айланды.

Беш өлкөнүн өкүлдөрү катышкан күчтүү атаандаштык шартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин студенттери жетишкен байгелүү орундар аркылуу университеттин билим берүү сапатын, илимий даярдыгын жана чыгармачылык дараметин жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.

“Туруктуу өнүгүү медиасы жана журналистикасы: экология, коом жана жоопкерчилик” категориясында Журналистика бөлүмүнүн студенттери Үсөнбеков Элмар менен Конокбаева Аделина биринчи орунду ээлешти. Ошол эле категорияда Базарбай кызы Мээримкан экинчи орунду, ал эми Сыдыкова Хафиза менен Аяна Сарыева үчүнчү орунду ээлешти. “Жашыл экономика алкагында жарнама жана бренд түзүү” категориясында Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн студенти Аида Абдысатарова биринчи орунду алса, Журналистика бөлүмүнүн студенти Гүлкайыр Керимбаева экинчи орунду ээледи. ”Туруктуу өнүгүү коммуникациясы: Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиасында Улуу Алтай образы” категориясында Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн студенти Бегимай Кадырбекова биринчи орунга татыды.


Кейc-таймаш жана PR талкууларында практикалык күч
Фестивалдын практикага багытталган бөлүктөрүндө да КТМУнун студенттери стратегиялык ыкмалары менен өзгөчөлөнүштү. Кейc чечмелөө сынагында Коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүнүн студенттери — Ислам Эгембердиев, Мадина Кылычбекова, Айымкыз Хабибуллаева, Айпери Токтогулова жана Алия Абылкасымовадан турган “Hillers” командасы Депозиттерди коргоо агенттиги сунуштаган реалдуу кейске иштеп чыккан чечимдери менен экинчи орунду ээледи. PR талкуулары категориясында болсо Алия Абылкасымова менен Айпери Токтогулова өздөрүнүн презентациясы жана даярдык деңгээли менен үчүнчү орунду алышты. Айпери Токтогулова мындан тышкары өзүнүн көрсөткүчү менен “Эң мыкты баяндамачы” сыйлыгына татыды.


Туруктуу өнүгүү коммуникациясы академиялык күн тартибинин борборуна айланды
Фестивалдын алкагында уюштурулган “Туруктуу өнүгүү коммуникациясы: жашыл экономика жана социалдык жоопкерчилик” аттуу эл аралык студенттик илимий жана практикалык конференция коммуникация илимдеринин учурдагы өзгөрүүлөрүн көп кырдуу негизде талкууга алды. Экологиялык кризистер, медианын чагылдырылышы, корпоративдик жоопкерчилик жана санариптик коммуникация сыяктуу темалардын айланасында өткөн иш-чара студенттерге теориялык билимди гана өндүрбөстөн, аны актуалдуу маселелер аркылуу талкуулоого мүмкүнчүлүк берди. Секцияларда Коммуникация, экономика жана медиа ортосунда көп катмарлуу байланыштар талкууланды Конференциянын алкагында уюштурулган секцияларда туруктуу өнүгүү коммуникация илимдеринин негизинде ар түрдүү аспектилерде каралды. Бул багытта туруктуулук экологиялык же экономикалык түшүнүк катары гана эмес, институционалдык түзүлүштөр, медиа практикалары жана коомдук маанини түзүү процесси менен тыгыз байланышкан бир процесс катары каралды. Биринчи секцияда туруктуулук мекемелердин репутация башкаруу жана коомдук ишенимди калыптандыруу менен байланышкан багыт катары талданды. Ошондой эле Экологиялык, Социалдык жана Башкаруу (ESG) коммуникациялары, экологиялык каржылоо жана жасалма интеллекттин корпоративдик процесстердеги ролу каралды. Экинчи секцияда жарнама жана бренд коммуникациясынын экологиялык сезимталдыкка тийгизген таасири талкууланып, өзгөчө “greenwashing” (жалган экологиялык имидж жаратуу) жана экологиялык бренд стратегиялары аркылуу рыноктук механизмдер анализделди. Үчүнчү секция медиа жана журналистикага арналып, экологиялык темалардын медиада кандай чагылдырылары жана коомдук пикирди калыптандыруудагы ролу каралды. Акыркы секцияда болсо Борбор Азия медиасындагы “Улуу Алтай” образы аркылуу туруктуу өнүгүү маселелерине маданий өңүт кошулду. Бул жагынан алганда, секциялар туруктуулуктун ар түрдүү дисциплиналарда жана контексттерде кайрадан түшүндүрүлүшү мүмкүн экенин көрсөттү.


Ректор Жейлан: “Бул жетишкендик — сапаттуу билим менен академиялык тартиптин натыйжасы”
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан студенттердин эл аралык деңгээлдеги мындай сапаттуу иш-чарада жетишкен ийгиликтерине канааттангандыгын билдирип, бул ийгиликтер жөн эмес экенин белгиледи. Жейлан КТМУда жүргүзүлгөн билим берүү системасы теориялык билим берүү менен гана чектелбестен, аналитикалык ой жүгүртүүнү, практикалык көндүмдөрдү, илимий өндүрүштү жана эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи. Анын айтымында, студенттердин академиялык платформаларда жана практикалык сынактарда көрсөткөн жогорку жыйынтыктары университеттин сапатка багытталган билим берүү саясатынын жана мыктылыкка негизделген институционалдык түзүлүшүнүн табигый жыйынтыгы болуп саналат. Ошондой эле бул ийгиликтер КТМУнун жогорку билим берүү тармагындагы бекем позициясын дагы бир жолу тастыктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү