Декандан сөз

ДЕКАНДАН

Урматтуу студенттерибиз!

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда калыптанган бекем жана бузулгус бир туугандык мамиленин үзүрү катары 1995-жылы пайдубалы түптөлгөн Теология факультетибиз 2011–2012-окуу жылында алгач ирет студенттерге эшигин ачкан күндөн тартып, эки өлкөнүн гана эмес, жалпы Түрк дүйнөсүнүн руханий жана илимий келечегине багыт берүү миссиясын өзүнө улуу жоопкерчилик катары алып келет.

Бул факультетте кабыл алынган ар бир чечимдин түпкүрүндө «эки мамлекет – бир улут» деген түшүнүктүн бекем эрки жатат. Чынында эле кыргыз жана түрк элдеринин терең тарыхый-маданий мурасы, руханий баалуулуктарга болгон урматы, адилеттүүлүк менен чынчылдыкты туу туткан дүйнө таанымы факультетибиздин академиялык багытына дем берип келет. Ушул негизде факультетибизде Түрк дүйнөсү менен Ислам ааламынын муктаждыктарын сезе билген, адеп-ахлактык жактан жетилген, коомдун бардык катмарлары менен туура жана натыйжалуу баарлаша алган, Ислам илимдерин терең өздөштүргөн акылман муунду тарбиялоо максат кылынган.

 

Заман өзгөрүп, дүйнө тездик менен өнүгүп жаткан учурда коомдор туш болуп жаткан руханий, социалдык-маданий жана диний маселелерди чечүү — билимди акылмандык менен айкалыштыруу болгон, сынчыл ой жүгүртүү жана изилдөөгө умтулуу жаңычылдыкка ачык инсандардын колунан гана келет. Ошондуктан факультетибизде студенттер жалаң гана сабак аркылуу эмес, илимий изилдөө, ой жүгүртүү, чыгармачылык ишмердүүлүк жана коом менен тыгыз байланышта болуу аркылуу, жалпы келечекти бирге куруу аң-сезими менен тарбияланат. Ошондуктан эртеңки күн дал ушул бүгүн бул жерде билим алып жаткан силердин илимиңер менен башталат.

Теология факультетинин үй-бүлөсү катары биз каалайбыз: бул факультетти бүтүргөн ар бир жаш адис

— жөн гана билимдүү эмес, даанышман болуусун;

— кызмат менен мансапты эмес, адамзатка кызмат кылууну максат кылуусун;

— сөзү менен гана эмес, жүрүм-туруму жана турпаты менен да үлгү болуусун;

— илимин амал менен бекемдеген, руханий жана ирфаний дүйнөсү бай инсан болуусун;

— Теңир-Тоонун этектеринен Анатолияга чейин созулган орток цивилизациялык аң-сезимди жүрөгүндө алып жүрүүсүн;

— Түрк дүйнөсүнүн ар бир бурчуна жакшылыкты, тынчтыкты жана биримдик сезимин таралуусун каалайбыз.

Силерди ушул улуу жолдун бир бөлүгү болууга, илим, ирфан жана акылмандык негизинде уланган академиялык сапарыбызга кошулууга чакырам. Эсиңерде болсун: бул ыйык жолдо жүрөгүбүздүн эшиги да, факультетибиздин эшиги да силер үчүн ар дайым ачык.