Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 19-мартында айымдарга арналган Рамазан айы бою күн сайын окулган «Хатм-и Шариф» дубасы окулду.
Мукамеле КТМУнун Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораеванын координациясы менен уюштурулду. Рамазан айынын ичинде жүргүзүлгөн Куран Каримдин хатими үзгүлтүксүз тиловаттын натыйжасында толук аяктап, хатим дубасы менен жыйынтыкталды.
Ислам дининде маанилүү ибадат катары кабыл алынган хатим, айрыкча Рамазан айынын руханий атмосферасында активдүү түрдө аткарылып, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген. Бул иш-чарада катышуучулар Куран тиловаты аркылуу жеке ибадат аң-сезимин бекемдеп гана тим болбостон, коомдук руханий баалуулуктардын чыңдалышына да салым кошушту.
Хатим аяктагандан кийин дубалар окулуп, ибадаттардын кабыл болушу тиленип, программа жыйынтыкталды.
Иш-чарага болжол менен 250 айым катышып, чоң кызыгуу менен байкоо жүргүзүштү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга даам сунушталды.


