2025-12-19

«Садака жана анын пайдалары» темасында семинар өткөрүлдү


2025-жылга карата Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2025-жылдын 18-декабрында аялдар үчүн «Садака жана анын пайдалары» темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чара КТМУнун Теология факультетинин кызматкери Жамила Жороева жана факультеттин кыз студенттери тарабынан уюштурулду.

Семинарда магистрант Молдоайым Исакова «Садака жана анын пайдалары» темасында баяндама жасады. Семинардын соңунда садака боюнча берилген суроолорго жооптор берилди.

Семинарда садака Аллахтын ыраазычылыгы үчүн өз ыктыяры менен жасалган жакшылык экени баса белгиленди. Садака бир гана мал-мүлк менен чектелбестен, жакшы сөз, кечиримдүүлүк, жардам жана пайдалуу болгон ар кандай аракеттер да садаканын катарына кирери айтылды. Ошентип, мисалдар аркылуу садаканын материалдык жана руханий эки тараптуу мааниси бар экени түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Куран Каримде Улуу Аллах мындай деп айткандыгы келтирилди:
«Аллах жолунда мал-мүлкүн сарптагандардын мисалы — жети башак чыгарган бир дан сыяктуу: ар бир башакта жүздөн дан бар. Аллах каалаган пендесине сообун эселеп берет. Аллах — кең пейил, бардык нерсени Билүүчү» (Бакара сүрөөсү, 2:261).
Бул аят садаканын сообу азайбастан, тескерисинче, эселеп көбөйөрүн билдирери белгиленди.

Семинардын соңунда катышуучуларга сый тамак тартууланды. Иш-чарага болжол менен 60 аял катышып, чоң кызыгуу менен байкоо жүргүзүштү. Жооптуу кызматкерлер бул программа ар жума сайын бейшемби күнү ошол эле убакта улантыларын билдиришти.