2025-жылдын 18-декабрында, бейшемби күнү саат 14:00дө Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинде Эл аралык араб тили күнү атайын уюштурулган программа менен белгиленди. Иш-чарага окутуучулар жана студенттер активдүү катышып, араб тилинин диний, илимий жана маданий мааниси баса белгиленди.
Программада сөз сүйлөгөн Теология факультетинин деканы проф. д-р Хюсейн Акүз араб тили Куран, хадис жана фыкых баштаган ислам илимдеринин негизги тили экенин белгиледи. Ал теологиялык билим берүүдө араб тилин үйрөнүү зарыл жана алмашкыс талап экенине көңүл бурду.
Иш-чаранын алкагында араб тилинин тарыхый, илимий жана маданий жактары ар түрдүү баяндамалар, поэзиялык окуулар жана тематикалык иш-чаралар аркылуу каралды. Араб тилинин тарыхына арналган ырлар окулуп, ар кыл аянтчаларда араб тилинин мааниси тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле программада сынактар, таанып-билүүчү оюндар уюштурулуп, диний ырлар аткарылды.
Теология факультетинин административдик кызматкери Арстанбек Сагынбай уулу араб тилинин мааниси жана аны үйрөнүү маселеси боюнча мазмундуу баяндама жасады. Программанын соңунда Араб тили күнү программасынын жооптуусу Абдулбасит Краиж иш-чараны даярдоого активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык билдирип, түрдүү белектерди тапшырды.





