2025-жылдын 2-декабрында, шейшемби күнү саат 13:30да КТМУнун Теология факультетинде Ислам илимдери боюнча илимий кызматкер Уланбек Калмурза уулу тарабынан Теология факультетинин студенттерине арналган «Бүтүрүү иши кантип жазылат – 1» аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарда бүтүрүү ишинин темасын тандоо, аны чектөө, изилдөө ыкмалары, убактылуу план жана убактылуу булактар тизмесин түзүү, окуу жана конспект жазуу ыкмалары, ошондой эле иш жазуу баскычына өтүү процесстери тууралуу кеңири маалымат берилди. Бүтүрүү ишин жазууда темага тиешелүү булактарды кылдаттык менен изилдөөнүн жана алынган маалыматтарды так жана түшүнүктүү баяндоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Д-р Калмурза уулу бүтүрүү ишинде колдонулган булактарды көрсөтүү жана шилтеме берүүдө университет тарабынан бекитилген иш жазуу боюнча нускамага ылайык иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле иш жазууда эске алына турган жалпы эрежелер боюнча студенттерге кенен түшүндүрмө берди.
Семинар студенттердин суроолоруна жооп берүү менен жыйынтыкталды.

