2025-12-12

«Исламда үй-бүлө» аттуу семинар уюштурулду


2025-жылга карата Теология факультетинин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2025-жылдын 11-декабрында аялдар үчүн «Исламда үй-бүлө» жана «Ислам жана адеп-ахлак» аттуу семинарлар уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз-Түрк Манас университетинин (КТМУ) Теология факультетинин аял кызматкерлери жана кыз студенттери тарабынан уюштурулду.

Семинарда докторант Жамила Жораева «Исламда үй-бүлө» темасында, ал эми магистрант Бейза Демир «Ислам жана адеп-ахлак» темасында баяндама жасады. Семинардын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилди. Иш-чара чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

«Исламда үй-бүлө» аттуу семинарда үй-бүлөнүн мааниси, исламдын үй-бүлөгө болгон көз карашы жана бактылуу үй-бүлө куруунун негизги принциптери тууралуу маалыматтар берилди. Үй-бүлө жубайлар менен балдардан турган, табигый байланыштарга негизделген кичи социалдык жамаат экени, ошондой эле үй-бүлө тарбиянын жана маданияттын очогу катары каралары баса белгиленди.

«Ислам жана адеп-ахлак» аттуу семинарда «ахлак» жана «хулк» түшүнүктөрүнүн сөздүк жана терминологиялык маанилери түшүндүрүлүп, адеп-ахлак Пайгамбар Мухаммедге (с.а.в.) пайгамбарлык берилүүсү жана Куран түшүрүлүшү менен исламий түшүнүк катары калыптанганы белгиленди. Адамдын үй-бүлөгө, мекенине жана элине, коомго жана өзүнө карата адеп-ахлактык жоопкерчилиги бар экени айтылды.

Семинардын соңунда катышуучуларга сый тамак берилди. Иш-чарага 60–70 аял катышып, чоң кызыгуу менен көз салышты. Жооптуу кызматкерлер тарабынан бул семинарлар ар жума сайын бейшемби күнү ушул эле убакта улантылары маалымдалды.