2025-12-26


СЫНАКТАРДА КОЛДОНУЛУУЧУ ЭРЕЖЕЛЕР


СЫНАКТАРДА КОЛДОНУЛУУЧУ ЭРЕЖЕЛЕР !!!

 

  1. Сынак суроолору жана сынакка тийешелүү документтер экзамендин программасында көрсөтүлгөн жооптуу көзөмөлчүгө сабактын жооптуу окутуучусу тарабынан баштыкча ичинде кеминде бир күн мурун тапшырылышы керек. Дем алыш күндөрү ксерокөчүрмө (фотокөчүрмө) мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, ошол күндөргө туура келген экзамендер боюнча,  бардык иштер алдын ала бүткөрүлүшү зарыл.
  2. Сынактын жоктомосу, сынакка катышуу тизмеси жана студенттердин кол тамгаларын алуу менен ишке ашырылат.  Сынак жоктомосу сөзсүз алынууга тийиш.
  3. Сынак учурунда студенттердин студенттик билеттери үстөлдүн үстүндө коюлууга тийиш. Экзаменге катышкан студенттердин студенттик билети сөзсүз түрдө текшерилет.
  4. Студенттердин аудиториядагы отуруучу орундарын окутуучу  же көзөмөлдөөчү тарабынан эч кандай негиз көрсөтпөстөн өзгөртүлө алат.
  5. Сынакка кеч келген студенттин сынакка кирип кирбөөсү окутуучунун чечимине байланыштуу болот. Бирок, сынак аудиториясындан бир студент тышка чыккандан кийин, сырттан келген жаңы студент сынакка киргизилбейт.
  6. Сынактан уруксатсыз абалда сыртка чыккан студент кайрадан сынакка кабыл алынбайт.
  7. Өзгөчө учурларда, гана студенттин көзөмөлдөөчүнүн көзөмөлү менен аудиториядан убактылуу чыгуусуна уруксат берилет.
  8. Сынак учурунда, телефон, ноутбук, калькулятор, компьютер, үн жаздыргыч (диктафон) сыяктуу көчүрүп алууга же көчүртүүгө мүмүкүнчүлүк берүүчү электрондук шаймандарды студенттердин жана мугалимдердин колдонуусуна уруксат берилбейт.   
  9.  Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерден башка учурларда кулакчын (наушник) колдонууга тыюу салынат. Мындан тышкары, көрүүсү начар (көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген) студенттер үчүн көзөмөлчү (окууучу/жазуучу/белгилөөчү) дайындалган учурда, аталган көзөмөлчү тиешелүү сабактын экзамендик материалдарын жооптуу көзөмөлчүдөн алып, экзаменди Жыйындар залында өткөрөт жана экзамен аяктагандан кийин документтерди кайрадан жооптуу көзөмөлчүгө тапшырат. Эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген студент кошумча убакыт сураса, сабактын жооптуу окутуучусу менен байланыш түзүлүп, студентке кошумча убакыт берилет. Аталган көзөмөлчү экзамен учурунда студенттин талабынын негизинде гана, эч кандай комментарий же түшүндүрмө бербестен, суроолорду студентке окуп берет жана студент көрсөткөн жоопторду белгилейт же жазып берет.
  10. Жазуу түрүндөгү сынактарда бланка кагазы колдонулат. Сынакта бирден көп жооп баракчасы колодонула турган учурда, тийешелүү окуу бөлүм катчысы тарабынан мөөр басылган, бош кагаздарды колдонууга болот. Электрондук түрдө боло турган сынактарда кагаз колдонулбайт.
  11. Экзамендер экзамендик календарда көрсөтүлгөн күндө, саатта жана аудиторияда жооптуу окутуучунун жетекчилиги астында, дайындалган көзөмөлчүлөр тарабынан өткөрүлөт. Факультеттин расмий веб-сайтында жайгаштырылган «көзөмөлчү алмаштыруу формасы» толтурулуп, деканаттын маалыматы жана макулдугу болмоюнча экзамендик кызматтарда эч кандай өзгөртүү жүргүзүлбөйт.
  12. Сынакты көзөмөлдөгөн кызматкер, экзаменге катышуу баракчасында F1 деп көрсөтүлгөн жана экзаменге катышууга укугу жок студенттердин кирүүсүнө жол бербөөгө милдеттүү.