2025-12-05

II Эл аралык Үй-бүлө жана Баалуулуктар симпозиуму


Кыргыз–Түрк Манас Университетинин Теология факультети тарабынан уюштурулган II Эл аралык Үй-бүлө жана Баалуулуктар симпозиуму 2025-жылдын 26–27-ноябрында «Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө» темасынын алкагында өткөрүлдү.

Симпозиумдун ачылыш аземи 2025-жылдын 26-ноябрында Касым Тыныстанов атындагы конференция залында кеңири катышуу менен өттү. Ачылыш сөздөрдү КТМУ Камкорчулар кеңешинин төрагасы проф. д-р Ибрагим Чапак, КТМУнун ректору проф. д-р Алпаслан Жейлан жана КТМУнун ректорунун милдетин аткаруучу проф. д-р Алмаз Ибраев сүйлөштү. Ал эми Теология факультетинин уюштуруу комитетинин төрагасы проф. д-р Хүсейин Акйүз симпозиумдун максаты жана мазмуну тууралуу маалымат берди.

Ачылыш программасынан кийин симпозиум «Түрк дүйнөсүндө үй-бүлө» аттуу ачылыш пленардык отуруму менен уланды. Проф. д-р Мустафа Эрдем төрагалык кылган бул отурумда адистер үй-бүлө жана баалуулуктар багытындагы баяндамаларын сунушташты.

Проф. д-р Мустафа Эрдем «Бөлүнгөн үй-бүлөлөр синдрому: ата-энеси бар жетимдер» аттуу баяндамасында заманбап коомдогу үй-бүлөлүк көйгөйлөрдү талдады. Андан соң проф. д-р Акматалы Алимбеков кыргыз акындарынын чыгармаларындагы үй-бүлөгө негизделген салттуу гендердик ролдорду карап чыкты. Доцент д-р Абдумурад Тилавов «Алпамыш дастанында үй-бүлө, тарбия жана коммуникациянын көркөм интерпретациясы» темасында баяндама жасады. Доцент д-р Туссипхан Имаммади болсо «Казак үй-бүлө укугунда калың жана махр: өткөнү жана бүгүнкү күнү» аттуу баяндамасында тарыхый өнүгүүгө токтолду.

Симпозиумдун биринчи күнү бетме-бет отурумдар менен уланса, 2025-жылдын 27-ноябрындагы отурумдар онлайн форматта параллелдүү өткөрүлдү. Иш-чара түрк дүйнөсүндөгү үй-бүлө түзүлүшүн ар тараптуу илимий көз карашта талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.