КТМУда 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнү салтанаттуу белгиленди


  • 2026-04-23

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнү менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 106 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилиги тарабынан Ататүрк паркында гүлчамбар коюу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси урматтуу доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, элчиликтин кеңешчилери жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор  Алпаслан Жейлан,  биринчи проректор саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор профессор  Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, университеттин жетекчилери жана студенттери, Бишкек шаарынын билим берүү департаментине караштуу мектептердин мугалимдери жана окуучулары, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлчүлүгү, Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын башкы дарыгери, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түркия–Кыргызстан жаш ишкерлер ассоциациясы (ТҮКИД), Маариф фонду жана Кыргызстандын Ахыска түрктөрү ассоциациясынын өкүлдөрү, ошондой эле басма сөз кызматкерлери катышты.

Иш-чара Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем Түркия элчилиги атынан эстеликке гүлчамбар коюп, сый көрсөттү. Андан соң кезеги менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугунун өкүлчүлүгү, Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын башкы дарыгерлиг , Түрк кызматташтык жана координация агенттиги, Түркия–Кыргызстан жаш ишкерлер ассоциациясы, Маариф фонду жана Кыргызстандын Ахыска түрктөрү ассоциациясынын өкүлдөрү гүлчамбарларын коюшту.

Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрктүн жана баатыр жоокерлерибизди сиренанын коштоосунда бир мүнөттүк эскерүү болуп, андан соң Түркиянын гимни аткарылды.

Бул майрам — Республиканы түбөлүк сактоочу муунга тапшырылган аманат!

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 106 жылдыгын белгилеп жаткандарын билдирди. Элчи Өкем 23-апрель күнүнүн улуттук эгемендүүлүктүн символу болуу менен гана чектелбестен, ошол эле учурда балдарга белек катары ыйгарылган өзгөчө майрам экендигин баса белгилеп, бул маанилүү күн Түркия Республикасынын кайрадан жаралышынын башталышын билдирерин айтты.

Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрктүн «Жаштар! Биз бул Республиканы түптөдүк, аны өркүндөтүп, бийикке көтөрүү силердин колуңарда.» деген сөзүн эске салган Өкем, бул мурастын келечек муундар тарабынан сакталуусу жана андан ары өнүктүрүлүшүнүн маанисине көңүл бурду.

КТМУда 23-апрель кубанычы: Балдар майрамдын шаңына бөлөндү 

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнүнүн белгилениши Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде уюштурулган иш-чаралар менен уланды. Университет ректорлугунун демилгеси менен кызматкерлердин балдарына арналган программа кызыктуу жана кубанычтуу учурлар менен коштолду.

Программанын алкагында ректор, профессор Алпаслан Жейлан келечектин кепилдиги болгон балдарды өз кабинетинде кабыл алып, алардын майрамдык кубанычына ортоктош болду. Кичинекей конокторуна өзгөчө көңүл бурган ректор Жейлан, балдардын окуусуна ийгилик каалады.

Күндүн маңыздуулугуна ылайык уюштурулган символикалык тапшыруу аземинде ректор, профессор  Алпаслан Жейлан өз ордун Теоман Эрдоган менен Айтунук Тынчтыкбек кызына символдук түрдө тапшырды.

Программанын уландысында балдар 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана Балдар күнүндө майрамдык маанайын  биргеликте бөлүшүп, майрамды шаң менен белгилешти.

Ректор Алпаслан Жейлан: «Улуттук эгемендүүлүк — элдин бар болушунун жана келечегинин кепилдиги»

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан улуттук эгемендүүлүк ар бир элдин бар экендигин, бекем турушун жана келечекке карата көз карашын билдирерин баса белгиледи. Балдар менен жаштар элдин эң күчтүү кепилдиги экенин белгилеп өткөн профессор Жейлан түрк тарыхчысы Осман Турандын көз караштарына да шилтеме жасады.

Түрк эли тарых бою ар кандай кыйынчылыктарга карабастан өз баалуулуктарын сактап келгендигине көңүл бурган Жейлан:

«Элдин үй-бүлөсү, жамааты, салты жана маданий баалуулуктары сакталган учурда, мамлекеттер кыйраса да ал эл кайрадан көтөрүлүп, жолун улантат», — деп белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө алты көз карандысыз түрк мамлекетинин бар экендиги бул тарыхтын уланып жатканынын маанилүү көрсөткүчү экенин айтты. Түрк дүйнөсүнүн келечегине байланыштуу пикирин билдирген профессор Жейлан биримдик менен ынтымакты чыңдоо зарылдыгын белгилеп:

«Келечекте көк асманда желбиреп турган көптөгөн түрк желектерин  көрүү — биздин эң чоң тилегибиз», — деди.

Профессор Жейлан бир элдин күчү анын жеңиштери менен гана эмес, ошондой эле башынан өткөргөн кыйынчылыктардан алган сабактары менен да артат деп белгилеп, салтты, үрп-адатты, динди жана маданий баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүнө токтолду. Ал:

«Бул баалуулуктарды сактап турганда келечек түрк элиники болот. Жаш муундар болсо түрк дүйнөсүнүн биримдиги менен ынтымагынын эң күчтүү өкүлдөрү болуп калат», — деп кошумчалады.

Программада Көркөм өнөр  факультетинин Музыка бөлүмүнүн студенттери Түрк дүйнөсү оркестри жана хору менен биргеликте 23-апрелге арналган чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле иш-чарада Бишкектеги Түрк башталгыч мектебинин 3-классынын окуучулары Хаят Баш «Биздин майрам», Айсу Сатыжыоглу болсо «Журтумдун майрамы» аттуу ырларын окуп, программага көрк кошушту.

Программанын уландысында КТМУнун Кесиптик колледжинин Балдарды өнүктүрүү программасынын студенттери даярдаган жомок көрсөтүүсү балдарга арналган интерактивдүү түрдө сахналаштырылды. Түстүү жана кызыктуу мазмуну менен айырмаланган көрсөтүү кичинекей катышуучулардын көңүлүн буруп, иш-чара боюнча кубанычтуу жана шаттуу учурларды тартуулады.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү