КТМУнун Туризм факультетинин Гастрономия студенттери “Жаш ашпозчулар сынагында” өз өнөрлөрүн көрсөтүштү


  • 2026-04-21

КТМУнун Туризм факультетинин Гастрономия жана ашпозчулук искусствосу бөлүмү тарабынан уюштурулган “Жаш ашпозчулар сынагы” жаш таланттардын ашканадагы чеберчиликтерин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берип, кызыктуу жана толкундаткан учурларга бай болду. Сынакта студенттер белгиленген убакыт ичинде чыгармачыл менюларды даярдап, өздөрүнүн техникалык көндүмдөрүн жана гастрономия тармагындагы компетенттүүлүгүн көрсөтүштү.

Туризм факультетинин Гастрономия жана ашпозчулук искусствосу бөлүмүнүн студенттеринин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана чыгармачыл потенциалын ачуу максатында уюштурулган бул сынакка ар бири 4 студенттен турган 8 команда катышты.

Сынактын биринчи бөлүгү калыстар тобунун катышуучуларга сынактын талаптары тууралуу маалымат берүүсү менен башталды. Калыстар тарабынан тамактарда колдонулган азыктардын түс айкалышы, табактагы көркөмдүк бүтүндүгү, туурап-жыюу ыкмаларынын эстетикасы жана заманбап ашкана ыкмаларын колдонуу деңгээли сыяктуу критерийлер бааланары белгиленди. Мындан тышкары, даамдардын шайкештиги, тамак компоненттеринин (гарнир, соус ж.б.) бири-бири менен айкалышы, катышуучулардын кийим-кечеси жана жеке гигиенасы, белгиленген убакытта даярдоо жөндөмү жана өндүрүш учурунда пайда болгон калдыктардын көлөмү да баалоодо эске алынары айтылды.

Командаларга берилген атайын азык-түлүк топтомдору менен, калыстар белгилеген эрежелерге ылайык, катышуучулардан 1 сааттын ичинде закуска, негизги тамак жана десерттен турган меню даярдоо талап кылынды.

Сынактын экинчи бөлүгүндө даярдалган менюлар Бишкек шаарындагы алдыңкы мейманканалардан жана ресторандардан чакырылган тажрыйбалуу ашпозчулардан турган калыстар тобу тарабынан кылдат бааланды.

КТМУнун Туризм факультетинин тамак-аш сынагында сыйлыктар ээлерине тапшырылды

Калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга демөөрчү туризм ишканалары тарабынан ар кандай сыйлыктар берилди.

КТМУнүн проректору, профессор Исмет Алтынташ сыйлык тапшыруу аземинде катышуучуларды куттуктап, Туризм факультети билим берүү жана коомдук иш-чаралар жагынан маанилүү орунга ээ экенин белгиледи. Ал мындай сынактарды улантуунун маанисин баса белгилеп, университет студенттердин аракеттерин ар дайым колдой турганын айтты.

Калыстар жарыялаган жыйынтыкка ылайык, даамы, техникасы жана чыгармачылыгы боюнча эң жогорку упай топтоп, алтын медалга татыган Ак топ — Жаркынай Анарбекова, Курманбек Арыкбаев жана Ниара Байышбек кызы.

Экинчи орунду күмүш медаль менен Коюу Көк топ — Самат Эрыков, Нурайым Камчыбекова жана Айгерим Урматбова ээледи. Үчүнчү орун жана коло медаль Кара топко — Гүлзина Өмүрбекова, Адилет Гүлбаев жана Нуриса Аскаровага берилди.

Мындан тышкары, калыстардын атайын сыйлыгы, эң мыкты командалык иш, эң мыкты сунуштоо, эң мыкты убакытты башкаруу жана “жашыл ашкана” атайын сыйлыктары да тапшырылды. Калыстардын атайын сыйлыгы Кызыл топко берилсе, эң мыкты командалык иш сыйлыгын Ачык Көк топ алды. Эң мыкты сунуштоо сыйлыгы Күрөң топко, ал эми эң мыкты убакытты башкаруу сыйлыгы Күлгүн топко ыйгарылды. “Жашыл ашкана” атайын сыйлыгы Жашыл топко тапшырылды.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү