Ырайым, береке жана руханий тазалануу айы болгон ыйык Рамазанды аяктап жатып, бөлүшүүнүн, тилектештиктин жана руханий тереңдиктин эң мыкты көрүнүшү болгон Орозо айт майрамына жеткенибизге кубанып турабыз.
Майрамдар – коомдук жашообузда сүйүү, урмат-сый жана сабырдуулук бекемделген, таарынычтардын ордун ынтымак, алыстыктын ордун жакындык баскан өзгөчө күндөр. Орозо айт да бул жагынан алганда, жеке руханий тазалануу коомдук биримдикке айланган, жүрөктөр бириккен жана жалпы баалуулуктар кайрадан эске алынган маанилүү жолугушуу болуп саналат.
Тамыры терең цивилизациябыздын эң маанилүү пайдубалдарынын бири болгон жардамдашуу жана бөлүшүү маданияты майрам күндөрү өзгөчө айкын көрүнүп, муктаждарга сунулган ар бир кол коомдук биримдигибизди бекемдеген күчтүү байланыштарга айланууда. Ушул түшүнүк менен, майрамдын рухуна ылайык бири-бирибизге кам көрүү, көңүл көпүрөлөрүн бекемдөө жана бир туугандык мамилени сактоо – баарыбыздын орток жоопкерчилигибиз.
Кыргыз-Түрк “Манас” университети катары академиялык жана административдик кызматкерлерибиз, ошондой эле кадырлуу демөөрчүлөрүбүздүн колдоосу менен, Рамазандын жана айт майрамынын рухуна ылайык жардамдашуу жана тилектештик маданиятын жашатып, бул баалуулуктарды бирге бөлүшүп жатканыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.
Майрамдык каалоо-тилектер менен, биринчи кезекте Түрк дүйнөсүнүн, ошондой эле жалпы Ислам коомчулугунун Орозо айт майрамын чын жүрөктөн куттуктап, бул ыйык күндөр ден соолук, тынчтык жана бейпилдик тартуулап, коомубузда бир туугандык мамилени дагы да чыңдалышына тилектешмин.
Айтыңыздар маарек болсун!
Профессор Алпаслан Жейлан
КТМУнун ректору