Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультетинин Тарых бөлүмү, Теология факультети жана Көркөм өнөр факультети менен биргеликте 18-март — Чанаккале жеңиши жана шейиттерди эскерүү күнү алкагында эскерүү программасы уюштурулду.
Ректораттын конференция залында өткөн иш-чарага Азербайжандын Бишкектеги элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ККТР) Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, көптөгөн окутуучулар, административдик кызматкерлер жана студенттер катышты.
Программа Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк, анын куралдаштары жана дүйнөдөн өткөн ыйык шейиттер үчүн Куран окуу менен башталды. Андан соң шейиттердин рухуна арналып бир мүнөттүк эскерүү өткөрүлүп, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Элчи Гандилов: “Түрктүн сөзү — биримдик”
Азербайжандын Бишкектеги элчиси Латиф Сейфеддин уулу Гандилов бул күндүн маанисине токтолуп, 18-марттын Түрк эли үчүн гана эмес, тили, тарыхы жана маданий баалуулуктары бир болгон бардык боордош элдер үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
Элчи Гандилов: “Бүгүн баарыбыз үчүн өтө маанилүү жана сыймыктуу күн. Ортоқ тилибиз, терең тарыхыбыз жана бекем байланыштарыбыз бизди ар дайым бириктирип турат. Түрктүн сөзү — биримдик; биримдигибиз жана ынтымагыбыз түбөлүк болсун”, — деди.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: “Баатыр коркпойт, эли үчүн жанын берет”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан мекенди сүйүү ыймандан келип чыгарын белгилеп: “Ыйманыбыздын күчтүү экенин баары билишет. Айрыкча дастаныбызда баатырдыктын издерин көрөбүз. “Манас” дастанында ‘Баатыр коркпойт, эл үчүн жан берет’ деп айтылат. Бул — ата-бабаларыбыздан калган ишенимдин көрүнүшү. Биз мекен үчүн өлүүнү той деп эсептеген элдин урпактарыбыз”, — деди.
Ошондой эле ректор Жейлан Чанаккале согушу маалында көптөгөн лицейлер бүтүрүүчүлөрүн чыгара албай калганын белгилеп, бирок элдин мекен үчүн көрсөткөн курмандыгы бардык нерседен жогору турганын баса белгиледи. Ал Түрк эли ар дайым милдетке даяр экенин айтып, Чанаккаленин дастанга тете рухтун символу экенин кошумчалады.
Ректор Жейлан сөзүнүн соңунда, эң оболу Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана анын куралдаштары баш болгон каарман Түрк жоокерлерин, ошондой эле Кипрде жана Карабахда шейит болгон бардык Түрк элинин баатырларын эскерип, аларга ырайым тилеп, бул улуу тарыхты жараткан инсандарга терең урматын билдирди.
Биринчи проректор Ибраев: “Чанаккале – биримдиктин жана курмандыктын символу”
КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Чанаккале жеңишинин бир гана Түркия үчүн эмес, жалпы Түрк дүйнөсү жана ислам ааламы үчүн да терең мааниге ээ экенин белгиледи: “Түрк боордошторубузду бул улуу жеңиш менен куттуктайбыз жана ушундай кайгылуу окуялар мындан ары кайталанбасын деп тилек кылабыз.”
Жеңиштин тарыхый жыйынтыктарына да токтолгон биринчи проректор Ибраев: “Эгерде Чанаккале жеңиши камсыздалбаганында, бүгүнкү күндө Түркиянын ээлеген орду тууралуу сөз кылуу мүмкүн болбой калмак. Бул жагдай биздин ортобуздагы мамилелердин багытын да башка нукка бурушу ыктымал эле. Ошондуктан Чанаккалени эскерүү жана ошол күнү шейит кеткендерди урматтоо өтө маанилүү. Чанаккале – бул жөн гана жеңиш эмес, ошол эле учурда биримдиктин, тилектештиктин жана курмандыктын символу. Бул мурастан тиешелүү сабактарды алуу – баарыбыздын жалпы жоопкерчилигибиз,” - деди.
Профессор Ашык: “Чанаккале басып алынбайт!”
Гуманитардык факультетинин деканы, профессор Алпаслан Ашык Чанаккаленин жалгыз гана согуш эмес экенин, ал курмандыктын, баатырдыктын жана эгемендүүлүк үчүн күрөштүн эң күчтүү символдорунун бири экенин баса белгиледи.
Чанаккаледе болуп өткөн окуялар эпоско тете экенин белгилеген профессор Ашык, майданда көрсөтүлгөн курмандык элдин мекенге болгон сүйүүсүн айкын далилдегенин белгиледи. Ал согуш учурунда энелер балдарынан, жубайлар бири-биринен баш тартканын, бирок эч ким артка кадам таштабаганын баса белгилеп, бул күрөштүн өзөгүндө мекенге болгон сүйүү жатканын билдирди.
Ата-бабалар Чанаккаледе биримдик жана ынтымак ичинде аракеттенип, “мүмкүн эмес” делген нерсени ишке ашырганын белгилеген профессор Ашык өз сөзүн төмөнкүдөй жыйынтыктады: “Чанаккале басып алынган эмес, алынбайт дагы!”.
Эскерүү программасы КТМУнун гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн башчысы, профессор Али Ямандын “Чанаккале жеңиши: түрк улутунун кайра жаралуу дастаны” жана тарых бөлүмүнүн окутуучусу, доц.м.а. док. Роза Абдыкулованын “Чанаккале жеңиши жана Үркүн окуяларынын адабиятта чагылдырылышы” аттуу баяндамалары менен уланды. Профессор Али Яман өз баяндамасында Чанаккале жеңишинин тарыхый жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, ошол доорго таандык сүрөттөр аркылуу согуштун чечүүчү учурларын катышуучулар менен бөлүштү.
Доц.м.а. док. Роза Абдыкулова түрк жана кыргыз адабиятындагы Чанаккале жеңиши жана Үркүн окуяларын чагылдырган чыгармаларды салыштырмалуу негизде талдап берди. Ал адабий чыгармалар аркылуу мындай тарыхый окуялар коомдук эс-тутумда сакталары белгилеп, бул баатырдык жана курмандыктар эч качан унутулбай турганын баса белгиледи.
Иш-чара көркөм өнөр факультетинин чыгармачыл жамааты тарабынан бул тарыхый күндүн маанисин чагылдырган Чанаккале тууралуу элдик ырларды аткаруу менен жыйынтыкталды.