8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргыз–Түрк “Манас” университетинде аялдардын коомдук турмуштагы ордун, эмгегин жана көркөм чыгармачылык күчүн даңазалаган маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү. “Манас” университетинде көркөм өнөр факультетинин музыка жана живопись бөлүмдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган программада искусство менен музыка айкалышып, өзгөчө майрамдык шаң тартуулады.
Иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө “Аялдардын эл аралык күнүнө арналган сүрөт көргөзмөсү” КТМУнун Курманжан Датка атындагы сүрөт галереясында көрүүчүлөргө сунушталды. Көргөзмөдө аял сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык күчү, эстетикалык көз карашы жана сезимталдыгы ар түрдүү техникада даярдалган чыгармалар аркылуу искусство сүйүүчүлөрдүн назарын бурду. Чыгармаларда айрыкча аял образдары жана гүл темалары басымдуулук кылып, табият, жашоо, эмгек, эркиндик жана чыдамкайлык сыяктуу темалар күчтүү баяндоо менен чагылдырылды.
Көргөзмөдөн кийин майрамдык программа Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында КТМУнун “Түрк дүйнөсү” оркестринин дирижёру жана КР Эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген оркестр аткаруулары менен уланды. Концертте “Жаргы Күү”, “Кыздын ыры”, “Энекем ай”, “Жолугумдун төрт учу”, “Көчмөн кыз”, “Анашым”, “Кыялдануу”, “Кул болоюн калем туткан элдерге” жана “Михрибан” сыяктуу чыгармалар аткарылды.
Ректор Алпаслан Жейлан: “Түрк маданиятында аял күндү жана жарыкты символдоштурат”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан концерттен кийин сүйлөгөн сөзүндө түрк маданиятында аялдын орду абдан маанилүү экендигин билдирип, аялдар күндү жана жарыкты символдоштуруп, коом үчүн өтө баалуу экенин айтты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан түрк эли аялзатын кадырлаган, сыйлаган, аярлаган элдердин бири экендигин баса белгилеп, аялдар майрам күнү эле эмес, ар дайым башкы орунда экенин билдирди. Тарыхта аялзаты маанилүү милдеттерди аркалап келгенин эске салган ректор, анын эң жаркын жана көрүнүктүү үлгүсү катары Курманжан Датканы белгилеп өттү.
Ректор Алпаслан Жейлан көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган бул маанилүү иш-чарага салым кошкондорго ыраазычылыгын билдирип, университет Түрк дүйнөсүнө салым кошууну мындан ары да уланта берерин айтты. Ошондой эле Түрк дүйнөсү оркестри менен таланттуу студенттердин чыгармачылыгынан жакшы маанай алганын билдирип, бул майрамдын урматына университетте эмгектенген бардык аял кызматкерлерди 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.
Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Мехмет Өзкаржы аялзаты коомдо ар дайым башкы орунда экендигин белгилеп, 8-Март майрамына арналган сүрөт көргөзмөсү жана концерттик программаны университеттин бардык аял кызматкерлерине белек катары тартуулаганын билдирди.
Программа “Манас” университетинин жетекчилери тарабынан кызматкерлерге гүл десте тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.