"Манаста" Рамазан баштыгы таратылды


  • 2026-03-06

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Рамазан айынын берекеси жана бөлүшүү руху кампустун бардык аймагында сезилип, уланууда. Биримдиктин, ынтымактын жана тилектештиктин эң сонун символдорунун бири болгон Рамазан айына карата университетте маанилүү социалдык жоопкерчилик иш-чарасы өткөрүлдү.

Чыңгыз Айтматов атындагы кампуста уюштурулган программанын алкагында "Манас" университетинде эмгектенген тазалык, жашылдандыруу жана ашкана кызматкерлерине Рамазан айына арналган азык-түлүк кутучалары таратылды.

Азык-түлүк кутучаларын таратуу иш-чарасына Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана башкы катчы, доктор Рамазан Фатих Истанбуллугил катышты.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан Рамазан айы бөлүшүү, бири-бирине жардам берүү жана биримдиктин айы экенине токтолуп: “Рамазан айы орозо кармоо менен гана чектелбестен, жүрөктөрдү бириктирүү, бөлүшүү жана тилектештикти күчөтүү менен өз маанисин табат. Университетибиздин ар бир кызматкери ушул чоң үй-бүлөнүн баалуу мүчөсү. Бүгүн кампусубузду өз эмгеги менен көрктөндүрүп жаткан кызматташтарыбыз менен жолугушуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Рамазан айы бардык кызматкерлерибизге ден соолук, тынчтык жана береке алып келсин деп тилейм.” - деп айтты. 

Рамазан азык-түлүк кутучаларынын жардамына ээ болгон кызматкерлер мындай маанилүү колдоо көрсөткөнү үчүн "Манас" университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Ар жылы болгондой эле бул Рамазан айында да өздөрүн унутпай, колдоо көрсөтүп жаткан университет жетекчилигинин биримдик жана бөлүшүү үлгүсү аларды кубантканын белгилешип, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазы экендиктерин айтышты.

Азык-түлүк кутучалары таратылгандан кийин баары бирге дуба кылып, жасалган кайрымдуулук жана жардамдар Аллахтын алдында кабыл болсун деген тилек айтылды.

    Социалдык медиада бөлүшүү