2026-03-18


«Кыргыз элинин каада-салттарынан бир көрүнүш»


Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун ишке ашыруунун алкагында жогорку окуу жайларда жана илимий чөйрөдө улуттук баалуулуктарды жайылтуу, маданий мурастарды даңазалоо жана жаш муунга таалим-тарбия берүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп келет. Ушул максаттарды ишке ашыруунун алкагында Биология бөлүмү тарабынан 2026-жылдын 18-мартында саат 14:00дө К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында «Кыргыз элинин каада-салттарынан бир көрүнүш» аттуу театралдаштырылган иш-чара уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Аталган маданий иш-чара Биология бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Бермет Кыдыралиеванын жетекчилиги алдында даярдалып, ага 2-курстун студенттери активдүү катышышты. Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин бай маданий мурасын, каада-салттарын жана руханий дөөлөттөрүн студент жаштарга жеткирүү, алардын улуттук аң-сезимин калыптандыруу жана маданий иденттүүлүгүн бекемдөө болуп саналат.

Театралдаштырылган көрсөтүүнүн жүрүшүндө студенттер кыргыз элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлеген салттык көрүнүштөрдү сахналаштырып, алардын тарыхый-этнографиялык маанисин кыскача түшүндүрүп беришти. Ар бир көрсөтүлгөн эпизод улуттук үрп-адаттардын тарбиялык, социалдык жана маданий функцияларын ачып берүүгө багытталды. Бул өз кезегинде көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, алардын руханий дүйнөсүн байытууга өбөлгө түздү.

Мындан тышкары, иш-чарага атайын чакырылган «Жетиген комузчулар ансамбли» катышып, кыргыз элинин классикалык жана элдик күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып беришти. Ансамблдин аткаруусу иш-чаранын көркөмдүк деңгээлин жогорулатып, улуттук музыкалык маданияттын өзгөчө ордун дагы бир ирет даңазалады.

Жыйынтыгында, аталган иш-чара студенттердин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, улуттук маданиятка болгон кызыгуусун арттырууга жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун идеологиялык мазмунун кеңири жайылтууга олуттуу салым кошту.