2026-03-27
Педагогика бөлүмүнүн профессору Акматали Алимбеков 2026-жылдын 24-мартында Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда айыл мектептеринен эл келген мугалимдер үчүн «Элдик педагогиканын баалуулуктары» аттуу темада семинар өттү.
Профессор Акматали Алимбеков мугалимдерге кыргыздардын салттык педагогикалык маданиятындагы балдарды меймандостукка, мекенчилдикке, элчилдикке, улууларды урматтоо, башкаларга жакшы ниет тилекте болуу, кичи пейилдик, боорукердик, сылыктык, жѳнѳкѳйлүк, ынтымак-ырашкерлик, жоомарттык, кең пейилдик, толеранттуулук, адилеттүүлүк, чынчылдык, уяттуулук, калыстык, сабырдуулук сыяктуу сапаттарга тарбиялоо тажрыйбалары тууралуу айтып берди, турдуу суроолорго жооп берди.
Семинардын соңунда институттун директору А.Алимбековго “Мугалимдердин мугалими” медалын тапшырды.
