2025-12-17
Өнөр жай инженериясы бөлүмү, тармак менен байланышты чыңдоо жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында маанилүү жолугушуу өткөрдү. 2025-жылдын 16-декабрында, шейшемби күнү, биздин бөлүмдүн окутуучулары Кыргызстандын алдыңкы тамак-аш өндүрүүчүлөрүнүн бири болгон «Тойбосс» ишканасынын «Снэкфудс» департаментинин өкүлдөрү менен жолугушту. Ишкананын Чокан Валиханов көчөсү, 2/3Б дарегинде жайгашкан башкы кеңсесинде саат 10:00'да башталган жолугушуу, келечектеги кызматташуулар үчүн алгачкы кадам болду.
Жолугушууга биздин бөлүмдүн атынан катышкан окутуучулар Селчук Гөрен, Бахар Өзйөрük жана Айбек Аданбаев, Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан дисциплина болгон өнөр жай инженериясынын негизги принциптери, иш тармактары жана өндүрүштүк натыйжалуулукка кошкон салымдары тууралуу кеңири маалымат беришти. Ишкананын өкүлдөрү, бул кесип сунуштаган маселе чечүү жана системаны өнүктүрүү ыкмаларына чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Презентациядан кийин ишкананын өкүлдөрү, жеңил тамак-аш азыктары даярдалган өндүрүш цехин кыдыртып, өндүрүш процесстери тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул экскурсиянын аркасында биздин окутуучулар теориялык билимдин практикалык колдонулушун жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Жолугушуунун акыркы бөлүгүндө Өнөр жай инженериясы бөлүмүнүн студенттеринин ишканада стажировкадан өтүү жана бүтүрүү долбоорлорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду. Тараптар, студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө салым кошо турган жана ишкананын процесстерине баалуулук кошо турган долбоорлор боюнча биргелешип иштөө konusunda макулдашышты. Жолугушуу, келечектеги анык кызматташуулар үчүн бекем негиз түзүп, саат 12:00'дө аяктады.