16-декабрда ага окутуучу Нурлан Маматов тарабынан «Кой союу жана устукандоо» темасында семинар өткөрүлдү. Семинарга окутуучулар жана студенттер активдүү катышты.
Семинардын жүрүшүндө кой союуга даярдык көрүү, гигиена жана санитария эрежелери, туура союу ыкмалары, этти бөлүштүрүү жана сактоо маселелери боюнча кеңири маалымат берилди. Ошондой эле касапчылык иштеринде көңүл бурулуучу негизги жагдайлар, эттин сапатына таасир эткен факторлор жана практикада көп кетирилген катачылыктар талкууланды.
Катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, теориялык билим практикалык түшүндүрмөлөр менен бекемделди. Семинар студенттердин кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)