2026-03-25

Рекреациялык балык уулоонун адамга тийгизген таасири боюнча семинар өткөрүлдү


Факультетибизде “Рекреациялык максаттагы балык уулоонун адамга тийгизген таасири” аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинар 2026-жылдын 24-мартында саат 16:00дө факультетибиздин 16-конференция залында окутуучу Айдар Акматов тарабынан өткөрүлдү. Анда рекреациялык балык уулоонун адамга тийгизген таасири талкууланып, балык уулоонун негизги психологиялык аспектилери каралды. Атап айтканда, психикалык тынчтык жана стрессти азайтуу, өзүнө болгон ишеним жана ийгилик сезими, көңүл топтоо (медитациялык таасир), физикалык ден соолукка кошкон салымы, социалдашуу жана социалдык байланыштар, ошондой эле психикалык детокс маселелери каралды.

Семинарда рекреациялык балык уулоонун артыкчылыктары катары анын психологиялык жактан эс алдыруучу таасири, күнүмдүк стресстен арылтуу, чыдамкайлыкты калыптандыруу жана жаратылышта тынчтык табууга көмөк көрсөтүүсү белгиленди. Мындан тышкары, таза абада сейилдөө, кыймыл активдүүлүгүн камсыз кылуу сыяктуу физикалык пайдалары, ошондой эле хобби жана социалдашуу мүмкүнчүлүгү катары жеке же топ менен жасоого ылайыктуу экени айтылды. Жаратылыш менен айкалышып, деңиз же көл жээгинде убакыт өткөрүүгө шарт түзөрү да белгиленди.

Семинардын аягында катышуучуларга чийки балыктан жасалган сэндвичтер сунушталып, өзгөчө форматтагы жыйынтык жасалды