2026-03-24


Моделдөө жана моделдештирүү лабораториясы ачылды


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Электроника жана электр инжиниринг бөлүмүнүн курамында 2025–2026-окуу жылынан тартып Моделдөө жана моделдештирүү лабораториясы ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндө инженердик билим берүүнүн негизги компоненттеринин бири болгон моделдөө жана моделдештирүү ыкмалары татаал системаларды талдоо, долбоорлоо жана оптималдаштыруу жагынан чоң мааниге ээ. Ушул максатта түзүлгөн лаборатория студенттердин теориялык билимдерин практикалык иштер аркылуу бекемдөөгө жана заманбап инженердик куралдарды натыйжалуу колдонууга үйрөтүүгө багытталган.

Лабораторияда электр чынжырларын талдоо, башкаруу системалары, белги иштетүү операциялары, электр энергетикалык системалар жана жаңылануучу энергия колдонмолору сыяктуу багыттар боюнча моделдөө жана симуляциялык иштер жүргүзүлөт. Студенттер негизинен MATLAB/Simulink сыяктуу инженердик программаларды колдонуу аркылуу чыныгы системалардын жүрүм-турумун виртуалдык чөйрөдө изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жаңы түзүлгөн лаборатория ошондой эле бакалавриат жана магистратура деңгээлиндеги илимий изилдөөлөр үчүн инфраструктура түзүп, бөлүмдүн академиялык ишмердүүлүгүнө салым кошот. Мындан тышкары, студенттердин маселелерди чечүү жөндөмүн өнүктүрүү, инженердик интуициясын чыңдоо жана дисциплиналар аралык иштөө көндүмдөрүн жогорулатуу максат кылынат.

Электроника жана электр инжиниринг бөлүмүнүн өкүлдөрү лабораториянын ачылышы менен колдонмо багыттагы билим берүү мындан ары да бекемделерин жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик жашоого даярдыгы жогорулай турганын белгилешти.