2025-12-23


Ветеринардык факультетте “Кыргызстан жана Түркияда ветеринардык дарыгерлердин иштөө багыттары” аттуу семинар өткөрүлдү


Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Ветеринардык факультетинде өткөрүлүп жаткан билим берүү семинарларынын алкагында, 2025-жылдын 19-декабрында “Кыргызстан жана Түркияда ветеринардык дарыгерлердин иштөө багыттары” темасында семинар уюштурулду.

Семинарды Ветеринардык факультеттин окутуучулары доценттин милдетин аткаруучу доктор Али Кумандаш жана ветеринардык дарыгер Нур Абдыманап уулу өткөрүштү. Баяндамада Кыргызстанда жана Түркияда ветеринардык дарыгерлер иш алып барган мамлекеттик жана жеке сектордогу багыттар, кесиптик укук-милдеттер жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Семинар студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.

Өткөрүлгөн бул иш-чара студенттердин кесиптик аң-сезимин жогорулатууга жана ар кайсы өлкөлөрдөгү ветеринардык практика менен таанышууга өбөлгө түздү.