2025-12-23
Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Ветеринардык факультетинде 2025-жылдын 19-декабрында “Медицина билиминде жана саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллекттин колдонуу багыттары жана учурдагы ыкмалар” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарды Кожа Ахмет Ясави атындагы Эл аралык казак-түрк университетинин окутуучусу профессор доктор Зелиха Селамоглу алып барды. Баяндамада жасалма интеллекттин медицина билим берүүсүндө жана саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы колдонулушу, инновациялык ыкмалары жана келечектеги багыттары талкууланды. Семинарга катышкан окутуучулар жана студенттер тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды.
Семинардын соңунда Ветеринардык факультеттин деканы профессор доктор Исмаил Шен, кошкон баалуу салымы үчүн профессор доктор Зелиха Селамоглуга ыраазычылык кат тапшырды.



