Гастрономия тармагындагы адис КТМУда өз тажрыйбасы менен бөлүштү


  • 2026-02-26

Гастрономия тармагында таанымал ашпозчу Эйүп Кемал Севинч Кыргыз–Түрк "Манас" университетинде болду. Кемал Севинчти КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан ректорлук кабылдамасында тосуп алды.

Сапардын алкагында Туризм факультетинин коногу болгон Севинч студенттер менен жолугуп, өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү. Факультеттин уюштуруусунда өткөн семинарда гастрономия тармагынын учурдагы өнүгүү багыттары, ашкана маданиятынын эл аралык деңгээли жана карьераны пландаштыруу маселелери каралды.

Программанын практикалык бөлүгүндө өткөн мастер-класста студенттер кесиптик ашканада колдонулган ыкмалар боюнча практикалык билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чара теориялык билимди практика менен айкалыштырууга өбөлгө түзүп, студенттердин өз тармагындагы адис менен түздөн-түз байланыш түзүүсүнө шарт жаратты.

Мындан тышкары, программанын алкагында "Манас" телеканалында ашпозчулук берүүсүнүн тартылышы өткөрүлдү.

    Социалдык медиада бөлүшүү