КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк Анадолу кыз кесиптик лицейинин окуучулары менен жолукту


  • 2025-12-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор  Алпаслан Жейлан 2025-жылдын 18-декабрында Кыргыз-Түрк Анадолу кыз кесиптик лицейи тарабынан салттуу түрдө уюштурулган Карьера күнү алкагында окуучулар менен жолугушту.

Мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана окуучулар катышкан иш-чарада профессор Алпаслан Жейлан өзүнүн студенттик жылдарынан тартып академиялык жолуна чейинки билим алуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, жаштарга дем берди. Билимдин адамдын жашоосундагы өзгөртүүчү күчүнө токтолгон ректор, максат коюу, тартиптүү эмгек жана сапаттуу билим ийгиликке жетүүнүн негизги шарттары экенин белгиледи.

Окуучулардын суроолоруна жооп берген профессор Алпаслан Жейлан жаштарга өзүнө ишенүү, кыял-максаттарынын артынан тайманбай баруу жана өзүн дайыма өнүктүрүп туруу боюнча кеңештерин айтты.

Иш-чара жалпы сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү