2026-03-26
2026-жылдын 25-мартында саат 13:30да 221-аудиторияда биология илимдеринин доктору, доцент Анара Алымкулованын жетекчилиги алдында “Орто Азияга бөтөн кемирүүчү түрдүн (Rattus norvegicus Berkenhout, 1769 мисалында) жайылуусуна экологиялык-биологиялык баа берүү” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинардын негизги максаты – Орто Азия аймагында кеңири таралып бара жаткан бөтөн кемирүүчү түр – боз келемиштин (Rattus norvegicus) экологиялык жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө, анын жергиликтүү экосистемаларга тийгизген таасирин баалоо жана бул түрдүн жайылуусунун алдын алуу боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга аталган түрдүн келип чыгышы, дүйнөлүк жана аймактык таралуу динамикасы, адаптациялык мүмкүнчүлүктөрү, көбөйүү ылдамдыгы жана жашоо шарттарына ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле боз келемиштин айыл чарбасына, азык-түлүк коопсуздугуна жана адам саламаттыгына тийгизген терс таасирлери өзгөчө белгиленди.
Семинарда илимий баяндамалар жасалып, талкуу бөлүгүндө студенттер жана окутуучулар өз пикирлерин билдиришип, суроо-жооп форматында активдүү катышышты. Катышуучулар экологиялык көзөмөл жүргүзүү, биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана инвазиялык түрлөрдү башкаруу боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Орто Азия аймагында Rattus norvegicus сыяктуу инвазиялык түрлөрдүн жайылышын көзөмөлдөө боюнча комплекстүү чараларды күчөтүү зарылдыгы белгиленип, бул багытта илимий изилдөөлөрдү улантуу сунушталды.



