2025-12-24
Кыргызча-түркчө программасынын 3-курсунун студенти Азема Алмазбекова «Түрк дүйнөсүнүн жаштар кеңеши» клубу тарабынан Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин студенттеринин арасында Кыргызстандын табиятын чагылдырган «Кадрымда ата мекен» аттуу сүрөт конкурсунда 1-орунга ээ болду. Студентибизди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана ийгилик каалайбыз.


