2026-03-26


Улгайган жана майыптуулугу бар жарандар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесине зыярат


 

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин  “Социалдык жоопкерчилик” проектисинин алкагында 2026-жылдын 24-мартында Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмү жана Көркөм өнөр факультетинин Музыка бөлүмү  Улгайган жана майыптуулугу бар жарандар үчүн «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесин зыярат кылышты.  Иш-чаранын жооптуулары катары Философия бөлүмүнүн башчысы ф.и.д., проф. Ж. Урманбетова жана PhD, доц. К. Эшенкулова, Музыка бөлүмүнүн башчысы К. Тиленчиев жетектеген бөлүмдүн мугалимдери студенттер менен бирге барышты.

Иш-чаранын алкагында Көркөм өнөр факультетинин мугалимдери жана студенттери тарабынан концерттик программа тартууланып, Үмүт үйүнүн жашоочуларына жагымдуу маанай белек кылынды. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер стационардык мекеменин тургундары менен баарлашып, ырдап, бийлеп, аларга көңүл буруп, жылуу мамиле көрсөтүштү.

Мындан тышкары, университет тарабынан бөлүнгөн бюджеттин негизинде мекеменин тургундарына керектүү болгон буюмдар жана зарыл каражаттар алынып барылды. Бул иш-чара студенттердин социалдык жоопкерчилигин, боорукерлик жана адамгерчилик баалуулуктарын чыңдоого багытталган маанилүү жолугушуулардын бири болду. Уюштурулган зыярат студенттер үчүн да, мекеменин тургундары үчүн да өзгөчө жылуу жана таасирдүү маанай жаратты.