2026-03-26
2026-жылдын 19-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Гуманитардык факультеттин Философия бөлүмүндө семинарлар сериясынын алкагында семинар өткөрүлдү. Философия бөлүмүнүн ага окутуучусу, PhD Абдирашит Бабатаев “Философия тарыхында жамандык маселеси жана теодицеялар” аттуу темада баяндама жасап берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө философия тарыхындагы эң татаал жана маанилүү маселелердин бири болгон жамандык проблемасы кеңири каралып, анын маңызы, тарыхый калыптанышы жана ар кыл философиялык багыттардагы чечмелениши талкууланды. Ошондой эле дүйнөдө жамандык эмне үчүн бар деген суроого жооп издеген теодицея түшүнүгү ар түрдүү доорлордун ойчулдарынын көз караштарынын негизинде талдоого алынды.
Семинарда антик философиядан тартып орто кылымдардагы диний-философиялык түшүндүрмөлөргө, жаңы доордун рационалдык изденүүлөрүнө жана заманбап философиядагы жамандык маселесине чейинки идеялар салыштырмалуу негизде баяндалды. Бул аркылуу студенттер жамандык маселесинин философиядагы ордун, теодицеянын маанисин жана анын тарыхый өзгөрүүлөрүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Семинар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучу студенттер тема боюнча активдүү суроолорду берип, өз пикирлерин билдиришти. Муну менен студенттердин философиялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле философия тарыхындагы маанилүү маселелерди терең өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт деп ойлойбуз.

