2025-12-22


УЛУТ БАШАТЫ - МАНАС: МУУНДАРГА КАЛГАН МУРАС


 


«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өз ара кызматташуусун камсыз кылууга багытталган Жобо иштелип чыккан. «Манас» үчилтиги — улуттук эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги эпикалык казына. Ал кыргыз элинин руханий демин күчөтүп, улут катары калыптанышында маанилүү тарыхый, философиялык жана рухий таяныч экендигин өсүп келе жаткан жаш муундарга жайылтуу максатында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин филология бөлүмүндө “Улут башаты - Манас: муундарга калган мурас” аттуу программа уюштурулду.