2025-12-26

КТМУ Кесиптик колледжинин Nova LAB командасы Urban Tech хакатондо байгелүү орунду ээледи!


Яндекс Кыргызстан жана «Тэкайым» фонду Бишкекте шаар үчүн технологиялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган Urban Tech Xакатон өткөрдү. Хакатондо мектептерди куруу үчүн оптималдуу жайларды аныктоо жана кампустагы энергияны үнөмдөө сыяктуу долбоорлор менен бирге, КТМУ Кесиптик колледжинин Nova LAB командасы шаардагы кыймылды реалдуу убакыт режиминде оптимизациялоочу, жасалма интеллект жана камераларды колдонгон акылдуу жол системасын сунуштап, III орунду ээледи.

Бардык жеңүүчүлөргө Алиса акылдуу колонкалары тапшырылды. Хакатонго катышкан студенттер беш күндүн ичинде лекцияларды угуп, менторлор менен иштешип, өз долбоорлорун иштеп чыгышты.

КТМУ Кесиптик колледжи студенттеринин ийгиликтери — биздин инновация жана технологияга болгон умтулуубуздун дагы бир далили!