2025-12-26

КТМУ Кесиптик колледжи менен Анкара университетинин Киберкоопсуздук кесиптик колледжинин ортосунда онлайн кызматташтык жыйыны өткөрүлдү


Кыргыз–Түрк Манас Университетинин Кесиптик колледжи менен Анкара университетинин Киберкоопсуздук кесиптик колледжинин ортосунда 2025-жылдын 22-декабрында онлайн форматта баалоо жана координациялык жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Анкара университетинин Киберкоопсуздук Кусиптик колледждин директору жана директордун орун басарлары, ошондой эле КТМУ Кесиптик колледжинин жетекчилиги жана тиешелүү академиялык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Аталган жыйында колледжибизде ачылуусу пландалып жаткан Киберкоопсуздук программасы ар тараптуу каралды. Программанын окутуу модели, теориялык жана практикалык түзүмү, күчтүү жактары жана өнүктүрүүнү талап кылган багыттары кеңири талкууланды. Мындан тышкары, программанын Кыргызстан боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоого, санариптик коопсуздук потенциалын жогорулатууга, ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун муктаждыктарына жооп бере ала турган адистерди тарбиялоого кошо турган салымы өлкө масштабына карата бааланды.

Жыйындын маанилүү күн тартип маселелеринин бири — Анкара университетинин Киберкоопсуздук Кесиптик колледжи менен КТМУ Кесиптик Колледжинин ортосунда биргелешкен кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү болду. Бул алкакта төмөнкү багыттар боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү:

  • Окуу планы жана сабактардын мазмунун иштеп чыгуу,
  • Киберкоопсуздук боюнча практикалык окутуу моделдери,
  • Лабораториялык инфраструктура жана техникалык жабдуулардын стандарттары,
  • Академиялык тажрыйба жана мыкты практикаларды бөлүшүү,
  • Биргелешкен семинарлар, онлайн мастер-класстар жана окутуу иш-чараларын өткөрүү.

Тараптар бул иш-чаралар программаны өнүктүрүү менен гана чектелбестен, эки университеттин ортосунда стратегиялык, туруктуу жана узак мөөнөттүү академиялык кызматташтыкка айланышы мүмкүн деген бирдиктүү пикирге келишти. Өткөрүлгөн онлайн жыйын Кесиптик Колледждин алкагында пландалып жаткан Киберкоопсуздук программасын дагы да бекем, ишке ашырууга ыңгайлуу жана эл аралык кызматташтыкка ачык деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.

КТМУ Кесиптик колледжи алдыдагы мезгилде тиешелүү мекемелер жана өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барып, киберкоопсуздук тармагында практикага багытталган, тармак менен интеграцияланган жана аймактык муктаждыктарга жооп берген заманбап билим берүү программасын иштеп чыгууну максат кылууда.