2025-жылдын 13-декабрында Кесиптик колледжибиздин студенттери Беловодск аймактык балдар үйүнө социалдык жоопкерчилик иш-чарасын өткөрүштү. Студенттерибиз чогулган каражаттын эсебинен балдар үчүн белектер, таттуу жана керек-жарактар сатып алышты. Белектерди тапшыруу учурунда балдар менен жакындан баарлашуу уюштурулду.
Бул иш-чара аркылуу студенттерибиз коомго болгон жоопкерчилигин сезип, социалдык аң-сезимин өстүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Балдардын жүзүндөгү жылмаюу – иш-чаранын эң баалуу жыйынтыгы болду.
Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык студенттерге, окутуучу Насикат Алиевага жана кызматкер Равшан Зикировго ыраазычылык билдиребиз.

