2025-жылдын 20–21-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) 30 жылдык мааракесине карата Түрк мамлекеттер уюмунун Түрк университеттер биримдигинин II Салттуу спорт оюндары шаңдуу жана жандуу маанайда өткөрүлдү.
Бул иш-чарада Колледжибиз да четте калбастан, студенттерибиздин кол эмгеги менен жасалган ар кандай оюнчуктар, жашоого керектүү буюмдар жана башка жасалгалар көргөзмөгө коюлду.
Коноктор жана катышуучулар студенттердин чыгармачылыгына аябай суктануу менен күбө болушту.
Бул иш-чара студенттерди өнүктүрүүгө, командалык ишти күчөтүүгө жана университеттик маданий-көркөм өнүгүүнү колдоого багытталган маанилүү окуя болуп калды.
