2025-10-23

Кесиптик колледждин студенттери тармактык практикада


КТМУ Кесиптик колледжинин студенттери окуу-тарбия ишмердүүлүгүнүн алкагында уюштурулган тармактык практикалар аркылуу кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн өнүктүрүүнү улантууда.
Программаларыбыздын студенттери өз багыттарына байланыштуу ар түрдүү мекеме жана ишканаларда иш алып барып, теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Чыныгы иш чөйрөсүндө өткөрүлгөн бул практикалардын аркасында студенттер эмгек рыногунун динамикасын жеринде байкап, кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн арттыра алышат.
Кесиптик колледждин жетекчилиги практикалык билим берүү студенттердин кесиптик өнүгүүсүндө жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын баса белгилеп, мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.