2025-10-23
"Резюме даярдоо жана иш берүүчүлөр менен маектешүү техникалары" семинары өттү
2025–2026 окуу жылында Орхун Алмашуу Программасынын алкагында КТМУ Кесиптик Колледжине конок окутуучу катары келген Түркия Республикасынын Балыкесир Университетинин Сындыргы Мекемелүү Жогорку Колледжинин окутуучусу доц. д-р Билге ВИЛЛИ семинарларын улантууда.
2025-жылдын 16-октябрында "Резюме даярдоо жана иш берүүчүлөр менен маектешүү техникалары" аттуу семинар MYO-118 аудиториясында саат 13:30да өткөрүлдү. Семинарга колледжибиздин окутуучулары жана студенттери катышты.
Семинар учурунда студенттер эффективдүү резюме (CV) түзүүнүн негизги ыкмалары, жумуштук маектешүүдө көңүл бурулуучу жүрүм-турумдар жана профессионалдык коммуникация көндүмдөрү боюнча кеңири маалымат алышты. Катышуучулар бул маалыматтардын жумуш дүйнөсүнө даярдык процессинде өздөрү үчүн абдан пайдалуу экенин белгилешти.