2025-10-23

Экологиялык сабаттуулук боюнча Семинар Өткүрүлдү


2025–2026 окуу жылында Орхун Алмашуу Программасынын алкагында, Туркиянын Балыкесир Университетинин Сындыргы Кесиптик Жогорку Мектебинин окутуучусу Доцент Др. Билге ВИЛЛИ, КТМУнин Кесиптик Колледжине конок окутуучу катары келди.
Программа алкагында Доцент Др. Билге ВИЛЛИ тарабынан 2025-жылдын 14-октябрында «Экологиялык сабаттуулук» темасында семинар өткөрүлдү. MYO-118 аудиторияда саат 13:30да уюштурулган семинарга Кесиптик Колледждин окутуучулары жана студенттери катышты. Семинарда экологиялык аң-сезим, туруктуу жашоо жана айлана-чөйрө боюнча маанилүү маалыматтар берилди. Катышуучулар, экологиялык сезимди жеке жана коомдук деңгээлде өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасалган иш-чарадан чоң кызыгуу менен кайтышты.
Колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев, Орхун Алмашуу Программасынын алкагында өткөрүлгөн мындай академиялык семинарлар студенттердин билимин жана көз карашын байытат деп белгилеп, мындай иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.