2025-10-23

Орхун Алмашуу Программасынын Окутуучулары Кыргызстанда!


025–2026 окуу жылында Орхун Алмашуу Программасынын алкагында биздин университетибизге Түркиядан келген конок окутуучуларды Кыргызстанды жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетин таанытуу максатында атайын иш-чаралар уюштурулду.
Кесиптик колледжибиздин окутуучусу доценттин м.а. Гүлнара Карадениз конок окутуучулар менен Бишкек шаарынын тарых музейине жана шаарыбыздын маданий жайларына барып, өлкөбүздүн маданий мурастары менен жакындан таанышышты.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 17-октябрында Колледжибиздин мүдүрү профессор Мирбек Турдуев кыргыз меймандостугун көрсөтүп, конок окутуучуларды жылуу тосуп алды. Ошондой эле өз сөзүндө, мындай алмашуу программалары студенттерге жана окутуучуларга тажрыйба алмашуу, маданий өз ара түшүнүү жана профессионалдык өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Программа келечекте да улантыларын, окутуучулар менен студенттердин ортосундагы байланышты чыңдай турганын билдирди.