2025-10-24
2025-жылдын 22-октябрында Кесиптик колледжибизде Мектепке чейинки билим берүү программасынын ага окутуучусу Гулзаада Абдралиева тарабынан уюштурулган "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" программасынын алкагында, "Эркиндик эне тилден башталат" аталышындагы семинар-тренинг өткөрүлдү.
Семинарды колледжибизге конокко келген коуч, тренер Турсунова Элмира Абасовна абдан кызыктуу жана жандуу өткөрдү. Студенттер да активдүү катышып, кызыккан суроолорун беришти. Ошондой эле оюндар жана конкурстар уюштурулду.
Студенттерибиздин мекенге болгон сүйүүсү бизди кубандырды. Семинарды уюштуруучуга жана тренерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

.jpeg)

.jpeg)