2025-10-28
Анкара шаардык кеңешинде өткөн салтанатта толук метраждуу, кыска метраждуу даректүү тасма жана студенттик даректүү тасма категориялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.
Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын жетекчилигинде жана Маданият жана туризм министрлигинин, Кино башкы башкармалыгынын, ТҮРКСОЙдун, Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер биримдигинин, ТИКАнын жана YTBнин колдоосу менен уюштурулган 10-Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалар фестивалынын сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 24-октябрында Анкара шаардык кеңешинде өттү.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин беш студенти "Студенттик даректүү тасма" категориясына катышып, алардын тасмалары финалга чыкты.
Студенттик даректүү тасмалар сынагында Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Сейитбек Макелеев "Агым" тасмасы менен биринчи орунду, ал эми Гүлиза Абдыкамилова "Тоо балдары” тасмасы менен экинчи орунду ээледи.
Негизги категориялардан тышкары фестивалда атайын сыйлыктар да тапшырылды:
Нурайым Марат кызы "Аян сыры" тасмасы үчүн "Түрк дүйнөсү темасындагы тасманын атайын сыйлыгын" алды.
Мындан тышкары, Коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн окутуучулары, ага окутуучу доктор Марат Эргешов толук метраждуу даректүү тасмалардын калыстар тобунун мүчөсү, ал эми окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев кыска метраждуу даректүү тасмалардын калыстар тобунун төрагасы кызматын аткарышты.
Түрк дүйнөсүнүн 10-даректүү тасмалар фестивалы 2025-жылдын 22-24-октябрында Түркиянын Анкара шаарында өттү.