2025-10-28


Кинорежиссер Асель Жураева "Теңирберди" тасмасы менен Манаста


2025-жылдын  24-октябрь күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин  радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн  2 - 3 - жана 4-курсунун студенттерине кинорежиссер Асел Жураеванын “Теңирберди” аттуу көркөм фильми көрсөтүлдү. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин автору жана режиссерунун  катышуусунда студенттерге мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго фильмдин жаралышы жана тартылышы тууралуу  айтылды. Андан тышкары,  кыргыз киносунда айым режиссерлордун ишмердиги тууралуу да сөз болду.