2025-10-23
2025-жылдын 19-октябрында биздин бүтүрүүчүбүз Саадат Казакбаеванын “Күүгүмдөгү коңгуроо” аттуу дипломдук фильми Дүйшөмбү шаарында өткөн II Эл аралык Toji Somon Кинофестивалында “Эң мыкты фильм” наамын жеңип алды.
Бул ийгилик - жаш режиссердун эмгегинин гана эмес, бөлүмүбүздүн чыгармачылык потенциалынын дагы бир далили. Фильмдин көркөм жетекчиси - окутуучу Наргиза Маматкулова, биздин студенттердин чыгармачылык жолунда өзүнүн колдоосун жана жетекчилигин көрсөтүп келет.
Бөлүмдүн жана факультеттин ийгиликтери уланууда. Жаңы муун режиссерлорунун дүйнөлүк аренада таанылып жатканы - биздин сыймыгыбыз!
.jpeg)