2026-03-26

КТМУда студенттердин ата-энелери менен онлайн жыйын өткөрүлдү


2026-жылдын 25-март күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультети тарабынан студенттердин ата-энелери менен онлайн форматта жыйын өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында факультеттин окутуучулары жана университеттин тиешелүү кызматкерлери ата-энелерге «Манас» университетинде билим алуу процесси, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат беришти.

Жыйынды коммуникация факультетинин деканынын орун басары, доц., докт. Гулзада Станалиева ачып, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, анын ичинде коммуникация факультети тууралуу жалпы маалымат берип, жыйындын жүрүшү менен тааныштырды.

Андан соң коммуникация факультетинин коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысы, доц. м.а., докт. Венера Наринова, журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусу, докт.  Бакытбек Орунбеков, ошондой эле радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн окутуучусу, докт. Марат Эргешов факультеттин түзүмү, ар бир бөлүмдүн өзгөчөлүктөрү жана билим берүү багыттары тууралуу кеңири баяндама жасашты.

Жыйынга университеттин студенттик жатаканасынын, тышкы байланыштар бюросунун жана ден соолук борборунун өкүлдөрү да катышты. Студенттик жатакананын мүдүрүнүн жардамчысы Аймира Мамасалиева студенттерди жатаканага жайгаштыруу тартиби жана кабыл алуу шарттары тууралуу маалымат берди. 

Ал эми КТМУнун Тышкы байланыштар бюросунун адиси Жамиля Уркунчиева университетте ишке ашырылып жаткан алмашуу программаларына кеңири токтолду. Ал чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттер үчүн коюлган академиялык талаптар жана башка критерийлер тууралуу баяндады. 

Ошондой эле жыйынга КТМУнун Ден соолук борборунун дарыгери Саадат Молдобаева катышып, борбордун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Ал университеттин Ден соолук борборунда студенттерге акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөрүн, керектүү адистер бар экенин жана борбор суткасына 24 саат, жумасына 7 күн эс алуусуз иштей турганын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө ата-энелер университет өкүлдөрүнө жана окутуучуларга кызыктырган суроолорун узатышты. Иш-чаранын соңунда алар КТМУда студенттер үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр жана сапаттуу билим берүү шарттары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.