2025-12-22

“Эркин-Тоо” гезитинин тарыхы” китебинин таанытымы болду


17-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факульетинин Артыкпай Сүйүндүков атындагы кинозалында окутуучу-профессорлор, журналисттер, студенттердин катышуусунда “Эркин-Тоо” гезитинин тарыхы” (1924-2025-жылдар) 3 томдук китебинин таанытымы болду.

Таанытымда аталган гезиттин 100 жылдык тарыхын чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү. Китептин бет ачарын Коммуникация факультетинин деканынын орун басары, филология илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзада Станалиева кириш сөз менен ачып, гезиттин тарыхын жазуу демилгесине, изилдөө ишинин өзгөчөлүктөрүнө кеңири толтолду.

Иш чарада Коммуникация факультетинин деканы, профессор, доктор Бесим Йылдырым, Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Илияс Балташев, КР Президентине караштуу стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Кадырали Кошалиев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бермет Маткеримова, китеп авторлорунун бири, изилдөөчү Бактыгүл Өмүралиева чыгып сүйлөшүп, изилдөөчү авторлоруна куттуктоо сөздөрүн айтышып, китептин коомдук мааниси, тарыхый орду жөнүндө кеп кылышты.

Авторлордун жетекчиси КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматер, саясий илимдеринин кандидаты, ага окутуучу Бакытбек Орунбеков 3 томдук басылманын мазмуну, ар кыл доорлордогу өнүгүүсү, коомдук-саясий мааниси, тарыхый-идеологиялык ролу тууралуу баяндама жасады.

Эскерте кертсек, китептин авторлору: Б.Орунбеков, А.Качкынбекова, А.Мусаева, Ж.Каденова, Ж.Исаева, Ж.Жекшенова, Д.Замирова, А.Мелис кызы, Г.Абдыбек кызы, М.Максатбек кызы жана Б.Өмүралиева болушту.

Китептин таанытымында Б.Орунбековго КР Журналисттер союзунун “Ардактуу журналист” төш белгиси ыйгарылып, иш-чарага катышкан конокторго “Эркин-Тоо” гезитиниин тарыхы” 3 томдук китеби белекке берилди.