2025-12-23


Кыргыз Туусу гезити менен кызматташтык келишими түзүлдү


23-декабрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети менен «Кыргыз Туусу» гезитинин ортосунда студенттердин өндүрүштүк практикасы жана кызматташтык боюнча келишим түзүлдү. 

Аталган келишимге коммуникация факультетинин деканы проф., докт. Бесим Йылдырым менен «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов кол коюшту.

Келишимде студенттердин өндүрүштүк практикадан өтүү жоболору жана факультет менен гезит редакциясынын ортосундагы медиа семинарларды жана конференцияларды, тармактык тренингдерди, академиялык панелдерди жана жыйындарды, медиа контент өндүрүү долбоорлорун, илимий изилдөөлөр жана маалымат алмашуу боюнча иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу боюнча кызматташтыкты камтыды.

Жолугушуу «Кыргыз Туусу» гезитинин редакциясында өтүп, келечектеги пландар кеңири талкууланып, макулдашылды.