2025-12-22
Иш-чара 16-май күнү Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде «Социалдык медиадагы кастык тили: көрүнүшү, кесепеттери жана келечеги» аталышында өткөрүлдү. Лекциянын негизги максаты — студенттерге социалдык тармактардагы кастык тил түшүнүгүн жеткирүү, анын коомго тийгизген терс таасирин талкуулоо жана бул көрүнүшкө каршы турууда аң-сезимди жогорулатуу болду. Ачык лекция жана суроо-жооп форматында өткөн иш-чарага Бишкектеги ар түрдүү жогорку окуу жайлардын студенттери жана окутуучулары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кастык тилдин аныктамасы, анын социалдык жана укуктук кесепеттери, социалдык медиада сөз эркиндиги менен кастык тилинин ортосундагы чек талдоого алынды. Ошондой эле Кыргызстандагы жана дүйнөлүк тажрыйбалар мисалдар менен түшүндүрүлүп, жаштардын жоопкерчиликтүү жана аң-сезимдүү онлайн жүрүм-турумун калыптандыруунун мааниси баса белгиленди. Адистер тарабынан маалыматтык баяндамалар жасалып, катышуучулар менен интерактивдүү талкуулар уюштурулду.
Программа алкагында чакан топтук иштер өткөрүлүп, катышуучулар өз ойлорун презентация түрүндө сунушташты. Иш-чаранын соңунда суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, активдүү катышуучуларга белектер жана сертификаттар тапшырылды. Лекция социалдык медиадагы кастык тилге каршы маалымдуулукту жогорулатууга жана студенттердин коомдук жоопкерчилигин арттырууга олуттуу салым кошту.