2025-12-22
2024-жылдын 9-декабрында саат 09:00дө А-201 аудиториясында «SPSSтин негиздери» темасында иш чара өткөрүлдү. Иш чараны доц. док. Ниязи Айхан уюштуруп, ал баяндамачы катары катышты. Иш чарага жалпы 16 студент катышып, SPSS программасын негизги деңгээлде колдонуп, маалыматтарды анализдөө процессин практикалык түрдө өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш чаранын алкагында студенттерге маалыматтарды киргизүү, шаблон түзүү жана баяндоочу (deskriptiv) анализдерди жасоо үйрөтүлдү. Ошондой эле, Frekans жана Crosstabs анализдеринин жүргүзүлүшү практикалык түрдө көрсөтүлүп, катышуучуларга мисал маалыматтар менен иштөө мүмкүнчүлүгү берилди. Иш чара студенттердин сандык маалыматтарды талдоо жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган натыйжалуу окуу иш чарасы болуп өттү.