2025-12-22


“Анкета формасын даярдоо” темасында семинар өткөрүлдү


2025-жылдын 2-декабрында саат 09:00дө А-201 аудиториясында “Анкета формасын даярдоо” темасында семинар болуп өттү. Иш чараны окутуучу доц. др. Ниязи Айхан уюштуруп, өзү баяндамачы катары катышты. Семинарга жалпы 16 студент катышып, илимий изилдөөлөрдө кеңири колдонулган анкеталык ыкма боюнча теориялык жана практикалык маалымат алышты.

Иш чаранын алкагында студенттерге изилдөө ыкмаларынын бири болгон анкеталык сурамжылоонун мааниси, анкета суроолорунун түрлөрү, анкетаны түзүүнүн негизги эрежелери жана аны колдонуу ыкмалары кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле туура жана максатка ылайык суроолорду түзүү, маалымат чогултууда кетирилген негизги каталар жана аларды болтурбоо жолдору талкууланды. Семинар студенттердин изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган мазмундуу академиялык иш чара болду.